Коом

Кыргызстанда коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу ун, кумшекер жана май арзаныраак

Кыргызстанда негизги азык-түлүккө болгон баа кескин өсүп кетиши күтүлгөн жок. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков брифингде билдирди.

Журналист министрге «азык-түлүк тартыштыгынын жаралбашына жана баалардын кармалып турушуна кепилдик бере аласызбы?» деген суроо узатты.

«Биз былтыр деле баа менен товардын жеткиликтүүлүгү боюнча катуу өзгөрүүлөр болбой турганына кепилдик бергенбиз. Убадага турдук. Чоң дефицит жаралып, баалар кескин өсүп кеткен жок. Бирок Кыргызстан башкалардан өзүнчө, бөлүнүп жашай албайт. Бизге тышкы рыноктогу абал таасир этет. Республикадагы баалар өлкө тышындагы көрсөткүчтөргө ылайык бекитилет. Ошентсе дагы Кыргызстанда коңшу Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга салыштырмалуу ун, кумшекер жана май арзаныраак», — деди ал.

Министрдин айтымында, быйыл Кыргызстанда буудайдын түшүмү 2021-жылга караганда жакшы болот.

«Эгер ички керектөөнү канааттандыруу үчүн бизге 765-769 тонна буудай керек болсо, быйыл 665 тонна түшүм алабыз деп пландап жатабыз. Мындан тышкары, картошканын түшүмүнүн көлөмү дагы жогору болот. Май берген өсүмдүктөрдүн аянты дагы көбөйдү», — деди министр.

Журналист «демек, баалар кескин өсүп кетпейт экен да?» деп тактоочу суроо узатты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button