Маданият
Нарында эл аралык “Кыргыз шырдагы — XII” фестивалы өтөт
28-29-июнь күндөрү Нарын облусунда эл аралык “Кыргыз шырдагы — XII” фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Фестивалдын максаты — улуттук буюмдардын сап башында турган шырдакты даңазалоо, жайылтуу жана сатууну жогорку деңгээлде уюштуруу болуп эсептелинет.
Иш- чара расмий өкүлдөрдүн катышуусунда өтөт.