Коом

«Ош» базары менен ЦУМдун жанына жер астынан өтчү өтмөк курулат

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарынын эл көп жүргөн жерине эки жер астынан өткөн өтмөк курулат. Бул туурасында калаа мэри Эмил Абдыкадыров билдирди.

Өтмөктөрдүн бири Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине (ЦУМ менен ГУМдун ортосу) курулат. Ал эми экинчиси Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн («Ош» базары) кошулган жеринде ачылат.

Мэр бул боюнча сметалык-долбоорлоо документтери даярдалып бүткөнүн белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button