Коом

“Танк биатлону”. Кыргызстан Россия, Кытай, Беларусь командалары менен бир тайпада ойнойт

Россиянын Москва облусунда Патриот паркындагы Эл аралык армия оюндар музейинде “АрМИ-2022” оюндарынын алкагында өтүүчү “Танк биатлону” боюнча мелдешке катышуучу командалар жана танк экипаждары чүчү кулак кармады.

КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы жашыл түстүү гильзаны алып, Россия, Кытай жана Беларустун командалары менен бир тайпага түштү.

Ата мекендик команда жарышка 14-августта чыгат.

Эскерте кетсек, «АрМИ-2022» оюндарынын алкагындагы мелдеш 13-27-август аралыгында «Алабино» полигонунда өтөт. Турнирде Кыргызстандын атынан төрт экипаж чыгат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button