Коом

Директорлорду тандоо. Баткенде компьютердик тестирлөөдөн 60 талапкер өттү

Кечээ, 11-августа Баткенде мектеп директорлорун тандоо боюнча компьютердик тестирлөө аяктады. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тестирлөөгө мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына 147 талапкер катышты.
Ошондой эле тестирлөөгө катталган 2 талапкер сынакка келген жок.
Жыйынтыгында босого баллдан 60 адам өтүп, 87си керектүү упайды топтой албады.
Тестирлөөдө бир талапкер 74% менен эң жогорку көрсөткүчкө ээ болду.
Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 98 ваканттык орун бар болчу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button