Саясат

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов дипломатиялык миссиясын аткарууга киришти. Ал Украинанын президенти Владимир Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды.

Ошондой эле Зеленскийге Румыния, Бельгия жана Испаниянын элчилери да ишеним грамоталарын тапшырышты. Элчилерди салтанаттуу кабыл алуу иш-чарасы кечээ, 17-августта өткөн.

Эске салсак, Кадыркулов элчи кызматына ушул жылдын январь айынын соңунда дайындалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button