Саясат

Президенттин демилгеси менен 400дөй бала мектеп формасын жана окуу куралдарын алды

 Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өнөктөш уюмдар менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди тапшырды.

Министрликтен билдиришкендей, Эгемендүүлүк күнүнө жана Билим күнүнө карата белек катары өлкө боюнча 400гө чукул бала мектеп формасын, рюкзактарды, бут кийимдерди, канцелярдык буюмдарды алышты.

Ведомствонун өнөктөштөрү «Альянс Алтын» ЖЧКсы, «Ас-Сафа борбору» КБ, «эне – балага тирек», «Үмүт нуру», «Кайрымдуу инсан», «Элим барсынбы», Кызыл Жарым Ай, «Ассанабил», «Сүйүүнүн колу», «Кайрымдуу бол»,» Goodneighbors” болушкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button