Саясат

Парламент балдарга зомбулук көрсөткөндөр үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштады

 Бүгүн, 7-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында балдарды коргоо боюнча маселе көтөрүлүп, депутаттар балдарга зомбулук көрсөткөндөр үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштоодо.

Парламенттин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Кыргызстандын мыйзамдарына өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады.

Депутат Тазабек Икрамов дагы бул маселе боюнча аппаратка протоколдук тапшырма берүү жана депутаттык комиссия түзүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылды.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров ар бир мыйзамдын аткарылышы боюнча парламенттеги комитеттер талапты күчөтүш керектигине токтолду.

«Өкмөттү, Башкы прокурорду чакырыш керек деп отургандын өзү алсыздык. Конституция менен мыйзамдарыдын аткарылышын так көзөмөлгө алып койгондо, «секирбеген» министриңерди көрөт элем. Бирок биз азыр алсызбыз, эрксизбиз, көз карандыбыз. Биз «колдо» деген жерини колдоп бере беребиз. Анан эле «антиш керек, минтиш керек» деп калабыз. Өлүм жазасын киргизиш керек. 2009-жылы мен «өлүм жазасын киргизиш керек» дегендигим үчүн кызматтан кеткенмин. Дүйнөгө биздин убадабыз бар, ага мораторий киргизилген. Ал жазаны киргизиш үчүн референдум өткөрүш керек», — деди Мадумаров.

Мындан сырткары, бир катар депутаттар балдарга зомбулук көрсөткөндөр үчүн жазаны катаалдаштыруу маселесин кароону сунушташты.

Эскерте кетсек, Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлүп, окуяга шектүү катары үч жигит кармалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button