Кылмыш-кырсык

Башкы прокуратура «Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу Теңгиз Бөлтүрүктү кармады

Башкы прокуратура «Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Теңиз Бөлтүрүктү кармады.

«Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышты», — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратурадан тергөө уланып жаткандыгын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үч кылмыш иши козголду. Мамлекетке дээрлик 1 млрд сом зыян келтирилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button