Кылмыш-кырсык

Бишкекте далилдерди өрттөөгө аракет кылган, алдамчылыкка шектүү кармалды

“Бишкектеги Өнүктүрүүчүлөрдүн биргелешкен жогорку штабынын” төрагасы кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталган кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (“Алдамчылык”) жана 379-беренесинин 3-бөлүгү (“Документтерди жасалмалоо”) менен Кыргызстандын “Т.А.” жана Т.М.Т. аттуу жарандарынын ишенимдерине кирип, өзүн Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкеримин деп тааныштырып, борбор калаадан жер тилкелерин бөлүп берүүнү убада кылып, ири суммадагы акча каражатын алган КРнын жараны “А.М.М.” кармалды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button