АКШ менен Мексиканын ортосундагы дубал кара түскө боёлот


АКШ менен Мексиканын чек арасындагы Трамптын бийик дубалы толугу менен кара түскө боёлот. Мындан улам ал көбүрөөк ысып, үстүнөн секирип же ашып өтүүгө аракет кылгандар үчүн дагы да кыйыныраак болот.

Дубалды кара түскө боё пландары жөнүндө журналисттерге ички коопсуздук министри Кристи Ноэм Нью-Мексико штатындагы чек ара пунктарынын биринде билдирди.

«Бул дубалдар бийик, андан ашып өтүү аябай оор, дээрлик мүмкүн эмес. Пайдубалы жерге терең орнотулган, ошондуктан анын астынан туннель казуу дагы кыйын. Биз аны кара түс менен сырдаганы жатабыз», – деди Ноэм.

«Президент муну атайын суранды. Бул аймак катуу ысыйт. Эгер дубалдар кара түскө боёлсо, ал дагы катуу ысыйт. Аларды ашып өтүүгө аракет кылгандарга чоң түйшүк жаралат», – деп түшүндүрдү ал.