Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору тараткан маалыматта айтылат.
Маалыматка ылайык, Улуттук борбор 22-августунда жакында УКМКнын мурдагы имаратына көчүп келген Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барган.
«Имарат салыштырмалуу жакшы абалда жана эки эсе көп камералар, жабдылган машыгуучу аянтчалар жана убактылуу кармоочу жайдын нормалдуу иштеши үчүн зарыл жайлар менен камсыздалган. Камералар өз кезегинде желдетүү системасы, табигый жана жасалма жарыктандыруу, жумушчу бөлмөлөрү менен камсыздалган. Убактылуу кармоочу жайда кармалгандар үч маал ысык тамак менен камсыз болушат. Белгилей кетсек, республика боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында гана үч маал тамак берилсе, көпчүлүк убактылуу кармоочу жайларда бир жолу тамак берилет», — деп жазылат билдирүүдө.
Улуттук борбор камактагыларды кармоо шарттарын жана убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлеринин ишин канааттандырарлык деп баалаган.
Иш сапардын жыйынтыгы менен мекеменин жетекчилигине тиешелүү документтерди тариздөө жана камакта кармоонун айрым шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштар берилген.
Маалыматта кошумчалангандай, Улуттук борбор Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайын ал жайгашкан имараттын авариялык абалына жана андан ары пайдаланууга жараксыздыгына байланыштуу башка жакка көчүрүүнү бир нече жолу сунуштаган.

