Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.
Анда белгиленгендей, Кирисима тоосундагы Синмоэ атылганда түтүнү 5,5 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлдү.
Япониянын башкы метерологиялык агенттигинин маалыматы боюнча, жанар тоо атылган соң үчүнчү деңгээлдеги кооптуулук жаралды.
Ошондой эле жанар тоодон таштардын кулашынан сак болуу үчүн адамдарга тоого 3 чакырым аралыкка чейин жакын барбоо керектиги айтылды.
3-июлдан бери биринчи жолу жанар тоонун атылгандагы түтүнүнүн бийиктиги 5000 метрден жогору болду. Бир саат аралыгында 4,5 чакырым бийиктикке жеткен дагы түтүн чыкты.
Учурда ири вулкандык тоо-тектердин кулашы же пирокластикалык агымдардын агышы аныктала элек. Ошол эле маалда күлдүн калктуу конуштарга түшүшү мүмкүн экендиги да жокко чыгарыла элек.

