Грецияда 200 ирет жер титиреди


Санториниде эки күндө 200дөн ашуун жолу жер титиреди.

ТАСС маалымдагандай, Грециянын Санторини аралында күчү 4,9 баллга жеткен жер титирөө маал-маалы менен кайталанууда.

Афина университетинин сейсмологиялык лабораториясы эки күн ичинде 280 жолу жер силкингенин айтууда.

Ал эми 28-январдан баштап Санториниде жалпысынан 555 жолу жер титиреген.

Зилзаладан улам миңдеген жашоочулар эвакуацияланып жатат.

Санторини аралында 1956-жылы 7,5 баллдык ири жер титирөө болгон.