Ооганстанда жер силкинип, кеминде 500 адам мерт болду


Афганстанда жер силкинип, кеминде 500 адам мерт болуп, 1000ден ашууну жарадар болгонун Sky News билдирди

Күчү 6 баллга жеткен жер титирөө 1-сентябрга караган түнү катталып, очогу Желалабад шаарына жакын жерде болгон.

Бир нече айыл толугу менен талкаланып калган. Бийлик куткаруу операциясын баштап, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн жүздөгөн кишини мобилизациялады.