Коом

Лейлекте Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде уурдалган малдар кайтарылды

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылы менен чектешкен Худжант-Канибадам автоунаа жүрүүчү жолдо Лейлек РИИБдин начальниги милициянын подполковниги Б.Кундузов жана Тажик Республикасынын Гафуров РИИБдин начальниги милициянын полковниги И.Вализода менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн негизинде чек ара аймактарынан уурдалып кеткен малдарды кайтарып алды.
  
Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери жолугушууда эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынганын эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алды.
Мурда уурдалып кеткен 3 уй, 3 музоону кыргыз тарап өткөрүп алып, ал эми тажик тараптын 6 баш бодо малын өткөрүп берди.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button