Кыргыз футболчулары Өзбекстанга утулуп калышты


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Ташкентте өтүп жаткан CAFA Nations Cup 2025 турниринин алкагында Өзбекстан курама командасы менен беттеш өткөрдү

Беттеш 4:0 эсеби менен Өзбекстандын жеңиши менен аяктады.

Оюн Ташкент шаарынын «Олимпийский» стадионунда болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы турнирдин «А» тайпасында Оман, Түркмөнстан, Өзбекстан командалары менен бирге орун алган. Ал эми Иран, Индия, Афганистан и Тажикстан жайгашкан «B» тайпасынынын беттештери Тажикстандын Дүйшөнбү шаарында орун алды.

Экинчи турдан кийин курама команда бир упай менен турнирдик жадыбалда үчүнчү орунда болчу. Калган командалар – Оман (төрт упай) 1-орунда, Өзбекстан (төрт упай) 2 – орунда, Түркмөнстан (бир упай) акыркы орунда жайгашкан.