Конор Макгрегор Ирландиянын президенттигине талапкерлигин жарыялады


UFCнин эки салмак категориясы боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор өзүнүн тарапташтарын октябрь айында өтө турган Ирландиянын президенттик шайлоосуна анын талапкерлигин бюллетенге киргизүүгө көмөк кылууга чакырды. Макгрегор Instagram баракчасына өзүнүн видео кайрылуусун жарыялаган.

«Эгерде сиз менин атымды президенттикке шайлоо бюллетенинде көрүүнү кааласаңыз, мен сизди бүгүн жергиликтүү аймактык кеңештерге кайрылып, мени көрсөтүүнү суранам», — дейт ал.