Коом

Кадамжайда милиция кызматкерлери Афганистандагы согуштун ардагерлерине жагымдуу маанай тартуулашты

Кадамжай районунун аймагында милиция кызматкерлери 15-февраль-советтик аскерлердин Афганистандан  чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына жана 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулар күнүнө утурлай окуучулардын арасында патриоттук сезимдерди ойгото турган иш-чараларды уюштурушту.

Мындан сырткары, район аймагында  өткөн Афганистандагы согуштун ардагерлерине арналган майрамдык иш-чараларда милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыздашты. Ардагерлерге жагымдуу маанай тартуулоо максатында тартип сакчылары аларды милициянын көчмө кабылдамасында шаарды айландырууга алып чыгышты. Афганистандагы согуштун ардагерлери милиция кызматкерлеринин көрсөткөн  сый-урматына ыраазы болушуп, жагымдуу маанай тартуулашканы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button