Коом

Мадумаров экс-президенттерди өзү Кыргызстанга алып келем деген эле

Жакында эле президент Садыр Жапаров Дубайды Кыргызстандын мурдагы президенттери менен жолугушуусу болуп өткөнүн, жолугуунун максаты өлкөдө ынтымкты, биримдикти бекемдөө, экономиканы өстүрүү, кечиримдүүлүк, айкөлдүк кылуу экенин айткан эле. Президенттердин жолугушуусунда коомчулукта ар кандай талкуулар болууда.

Жогорку кеңештин депутаты да жалпыга маалымдоо каражаттарына маек берип коомчулуктун оюн тескери бурууга аракет жасаганы байкалууда.

Адахан Мадумаровдун “Элибиз үчүн иштейбиз деген азаматтар жашынып барып, бөтөн жерден жолугушуусу өтө уят” деп айтты, ММКларга берген маалыматтарынын биринде. Бирок Мадумаровдун минтип айтышынын өзү уят. Башка учурда болбосо да, ушул учурда аксакал катары акыл-кебин айтып, ыркыраша бергенден эмне таптык деп ынтымакка чакырып, жакшы сөз сүйлөп койсо болбойт беле? Деги мунун оозунан качан жылуу сөз чыгат? Качан ичинен таруу айланат? Ич тарлыгын качан коет? Өзү депутаттыкка талапкерлигин коюп жатканда “Бакиев, Акаевдерди алып келип, эл алдында өзүм кечирим суратам” деген эле, же ошол кечиримди мен өзүм суратышым керек болчу, бийлик менден озунуп кетти деп ичи тарып жатабы? Кандай болгон күндө да Адахан Мадумаров бул жолу да аксакалдык кыла алган жок, жеке амбициясын жеңе алган жок. Демек, мындан ары да ал эл үчүн, мамлекет үчүн эч нерсе жасай албайт.

Себеби Садыр Жапаровдой болуп өзүнүн таарынычын эмес, мамлекеттин, элдин келечегин ойлой албады. Болбосо ал юрист, саясатчы, акыры мамлекетти башкарам деп жүргөн адам катары экс-президенттердин Кыргызстанда жолугушуна мүмкүн эмес экенин билбейт беле? Билет, билгенде да кандай сонун билет. Бул жакка Бакиев келсе эмне болорун да, аягы эмне менен бүтөрүн да билет. Бирок ага мамлекеттин тынчтыгына караганда элдин ызы-чуусу керек, анткени Бакиев келсе сөзсүз эл аянтка чыкмак, анын аркасы менен өздөрүнүн арам ойлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button