Коом

“5-каналдын” тагдыры. Бишкек мэри: Каршылык жок, бирок эки маселе чечилиши керек

«Кабар» маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “5-каналдын” тагдыры тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, “5-каналды” мэриянын карамагына өткөрүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон кагаз келген.

“Биз сунуш бердик. Каналдын бир нече миллион сомдук карызы жана Мамлекеттик мүлк фонду менен каналдын мүлк боюнча чечилбеген маселеси дагы бар экен. Эгер ушул эки маселе чечиле турган болсо, биз тараптан каршылык жок. Жарым жылдай убакыт өттү, тилекке каршы, бул маселе чечилбей келүүдө”, — дейт ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button