Коом

Минск шаарында Чыңгыз Айтматовдун урматына аллея ачылды

Минск шаарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата аллея ачылды. Бул тууралуу Sputnik Беларусь жазды.

Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин демилгеси менен КМШ мамлекеттеринин туруктуу өкүлдөрү 26 түп зараң багын отургузушкан.
Иш-чара президент Садыр Жапаров жарыялаган «Жашыл мурас» акциясынын алкагында өткөнү айтылат.
«Акциянын өткөрүлүшү Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленген учур менен туш келди. Беларусь бийлигине шаардагы сейил бактардын бирине жазуучунун атын берүүнү зарыл деп эсептегендиги үчүн ыраазычылык билдирем», — деген элчи.
Элчи Эрмек Ибраимов аталган акция шериктештикке кирген өлкөлөрдө өтүп жатканын белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button