Коом

Президенттин атынан Таластын тургундарына ооз ачар өткөрүлдү

Президент Садыр Жапаровдун атынан Талас облусунун жана Талас шаарынын тургундарына ооз ачар өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде өткөрүлгөн ооз ачарга жалпы 220 адам катышкан.

Ооз ачуу сый тамагына президенттин администрациясынын уюштуруу жана аймактар менен иштөө бөлүмүнүн инспектору Сабыркул Ашимбаев жана облус башчысы Нурлан Дарданов катышып, конокторду ыйык Рамазан айы менен куттукташкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button