Урукту жакшыртыш үчүн башка улуттардан да катын алсын деген жазылбаган буйрук кеткен…


Кыргыз байыса үй салабы?..

“Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат”, — деген сонун сөз бар кыргызда.
Чын эле, кыргыз тарыхында, санжырасында калган байлардын 99 пайызы көп катындуу болуптур. Мисалы, Нарынды жердеген Касымаалы болуштун көп катыны болгон. Шабдан баатыр, Байтик баатырларыбыз деле «однолюб» болгон эмес.
Алай, Анжияндан чыккан атактуу Алымбек Датканын 4 аялы болгон. Кечээги жумада Алайда өткөн Датка атабыздын тоюнда дасторкон четинде, санжырачы, тарыхчылар арасында бул тема козголгону менен, расмий адамдардын сөзүндө бул жөнүндө айтылбады.
Кепти бекеринен “Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат” темасынан баштаган жокмун.
Азыр түштүк жакта акча тапкан кыргыздын баары эле дубал көтөрүп, үй салуу менен убара болуп калыптыр. “Ажо көрсүн, кожо көрсүнгө” заңгыраган үйлөрдү салып алган Эшматтар көп. Ал хан сарайын жылыта албай, жанына ылайдан кепе там салып, өмүрү ошондо өтүп келе жаткан Ташматтар мындан көп.
Ноокатта бир киши үйүнүн ортосундагы залы эбегейсиз чоң, биринчи кабаттан экинчи кабаттын шыбына чейин экен. Экинчи кабаттын эки жагынан буралып тепкич түшөт. Эмне индия тасмасын тартасызбы деп күлдүк. Э, гаңгирбашмын да! Бизде кыш катуу болорун, бул үйдү кантип жылытарымды ойлобой эле очойтуп үй салып алыптырмын. Эми жабык турат особняк. Келиндерге жаман көрүнүп, уборка кылдырам. Фирма чакырсаң палан пул сурайт экен. Потологу чаң басты, ага кантип жетебиз? Атайын шаты алганга туура келип жатат эми, о шатысы да чакана пул эмес экен. Же кафе, ресторан болбосо бул үй, же бала-чака чыгымдарына чыдап жашабаса, бул үйдү мынча чоң салдым дейт. Клип тартса болот, кино тартса болот бул особнякта. Самара Каримовага айтсаңыз. Андай иштерге ошол карындашыңыз кыйын дедим. Э, жети атамдан бери молдо өткөн, беш маал намазым бар. Астагфираллах! Астагфираллах! Артисттер динибизде дурус эмес дейт особняк ээси. Анда особнякты мечит, медресе кылып салыңыз дедим.
Кыкемдер ошентип бири менен бири атаандашып үйлөрдү салып, машине минип, өлүү дүйнө жыйноо менен убара.
Өкемдер болсо катын алып жатышат. Махаллада башы бош бир хам хатун калбасын, алы жеткендер 4 кө чейин үйлөнсүн. Урукту жакшыртыш үчүн башка улуттардан да катын алсын деген жазылбаган буйрук кеткен.
Кыкемин көп эркектери бильярд тоголотмой, карта ойномой менен убара! Баягы күнү Жалал-Абадда (Манас шаарында) күнү-түнү иштечү атактуу мончого бардым. Кыкеңдер карта ойноп отурушат. Жалаң кыкеңдер! Бир өзбек, бир орус жок! Баягы эле убактысын, өмүрүн Аллах Таала жактырбаган жерлер: жин-шайтандын ордосу болгон мончо-сауналарда Аллах арам кылган карта ойноо, нарда ойноо менен өткөрүп жаткан кыкеңдер.
Өкемин эркектери болсо негизинен маңдай тер менен тирилик кылып, өнөр билбегени шакирт түшүп, бир иштин ээси болуп, эртелеп үйлөнүп, чурулдатып көп бала багып, көп катын алып жатышат.
Биздикилер болсо шеринеде, тойдо, аш бермей, гөш бермей, улак чапмай, топ тепмей, айрым аялдарыбыз шеринеден шерине калбай чайханаларда, шакек жуумай, шуба жуумай, небере жуумай, куда жуумай, атүгүл Америкада туулган неберелеринин туулган күнүн бул жакта туруп алып белгилемей, чоң шаарларыбыздагы жайнаган кафе-чайханалардын бири да бошобой… Акаевичтин балдызы Санатгүл эже айткандай, жрут и жрут…
Байыркы Цезарь айтты беле: “народу хлеба и зрелищ” деп. Бизде зрелище көбөйүп кеткендей… Бу кыкең оюн-зоок, көңүл ачмай, аш-гөш жемейге көп акча салган эл болот. Манастан баштап кечээги Кокон хандыгынын дооруна чейин карасаң чабыш – той, той – чабыш.

Мейли тойлор боло берсин. Бүгүн болбосо эртең чабыш да болот. Алдыда согуштар да чыгышы мүмкүн. Ошондойдо эр көкүрөк азаматтар керек болот.
Так ышто, кыкелер, көбөйгөндү да унутта калтырбайлы.
“Кыргыз байыса там салат” деп эски сөздү өзгөртөлүбү эмне? “Кыргыз байыса катын алат” деген сөз эле жакшы го, менимче…

Автор: Нургазы Мусаев