«Талибан» аялдар жазган китептерге тыюу салды


«Талибан» өкмөтү Ооганстандагы университеттердин окутуу системасынан аялдар жазган китептерди алып салды. Мындан сырткары адам укуктары жана сексуалдык ыдык тууралуу дарстарды да мыйзамсыз деп тапты.

«Шариятка жана талибдердин саясатына каршы келет» деген жүйө менен «кооптуу» деп табылган 680 эмгектин арасында аялдардын 140ка жакын китеби, анын ичинде «Химиялык лабораториядагы коопсуздук» деген сыяктуу китептер да бар.

Университеттерге 18 предметти окутууга мындан ары уруксат берилбей турганы айтылды. Талибдердин расмий өкүлү алар «шарият принциптерине жана системанын саясатына каршы келет» деп билдирди.

Бул талибдер төрт жыл мурда бийликке кайтып келгенден бери киргизген бир катар чектөөлөрдүн соңкусу болуп калды.