Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев кезектеги Аппараттын жыйынын өткөрдү.
Жыйында мамлекеттик кызматкерлердин үгүт иштерине катышуусуна жол берилбестиги тууралуу маселе көтөрүлүп, «Белгилүү болгондой, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алды. Ага ылайык, депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды. Өлкө жетекчилиги шайлоонун таза, ачык-айкын өтүшү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат. Биз дагы мамлекеттик кызматкерлер катары мыйзамды так сактап, талапкерлердин үгүт иштерине катышпоого милдеттүүбүз», – деди Алайбек Алымбаев.
Муну менен катар Аппараттын жетекчиси эгер мамлекеттик кызматкер шайлоо өнөктүгүнө катышууну кааласа, мыйзам талаптарына ылайык алгач ыйгарым укуктарын тапшырышы зарылдыгын эске салды.
«Эгерде кайсы бир кызматкердин белгилүү бир талапкер үчүн иштеп жатканы аныкталса, мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт. Мыйзамсыз кадам жасап жалпы Аппараттын ишине эч ким көлөкө түшүрбөшү керек», – деп кошумчалады Алайбек Алымбаев.

