УКМК: Чүйдө 795 гектар айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды


КР УКМК мыйзамсыз менчиктелген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда. Бул иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун Сокулук районунда жалпы аянты 795 гектар айыл чарба жерлери мамлекеттин балансына кайтарылды.


Маалыматка ылайык, 2000-жылдардын башында «системалык каттоо» иштеринин алкагында сөз болуп жаткан жерлер Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө үлүшчүлөргө бөлүштүрүү үчүн берилген. Бирок жер тилкелери расмий түрдө каттоодон өтпөгөн жана бөлүштүрүлгөн эмес, натыйжада формалдуу түрдө ээсиз абалда калган.
Тиешелүү укуктук негиздин жоктугуна карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыйырма жылдан бери жерлерди тургундарга расмий каттоого киргизбей жана төлөмдөрдү бюджетке түшүрбөй ижарага берип келишкен.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардан натыйжасында жер тилкелери расмий түрдө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.
Учурда КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү, ошондой эле ушул сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уланууда.
Мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик жерлерди аныктоо жана кайтаруу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө.