Жалал-Абад жана Ошто арзан баада картошка сатуу түйүндөрү уюштурулду


“Кыргыз Агрохолдинг” ишканасы Жалал-Абад жана Ош облустарында картошканы социалдык баада жеткирүүнү уюштурду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Мындай чара Жалал-Абад жана Ош облустарына картошка баасын турукташтыруу жана калкты колдоо максатын көздөйт.

Азыркы учурда аймактарда картошканын дүң баасы 55 сомду түзсө, чекене баасы 60-70 сомго жетти.

“Кыргыз Агрохолдинг” менен министрликтин биргелешкен аракетинин натыйжасында картошканын бир килограммы 50 сомдон сатылууда.

Картошканы социалдык баада төмөнкү даректерден алса болот:

  • Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, Береке базары;
  • Ош шаары, Марат Бегиев менен Кокумби көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Момента Ата» базары.