Словакияда автобус айдоочусу болуп иштөөгө онлайн каттоо башталды


Кыргызстандыктар үчүн
Словакияда автобус айдоочусу болуп иштөөгө онлайн каттоо башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет
өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирди.
Жалпысынан 50 айдоочу тандалат жана
алардын ичинен 15и жумушка орноштурулат.
Талапкерлердин курагы 22ден 50гө чейин
болуп, соттолбогон жана өнөкөт оорусу жок болушу керек. Эмгек акы саатына 7,40 евродон башталат, ай сайын орточо киреше (салыктардан тышкары)
1200 евродон жогору болот.
Тийиштүү талапкерлер табылган учурда
онлайн каттоо автоматтык түрдө жабылат.
Каттоо www.migrant.kg сайтында жүргүзүлөт.