Саламатсызбы, менин дагы катымды чыгарып бериңизчи…
Мурда сиз жазган тагдырларды окуп, кээ бир окуяларды өзүмдүкүнө окшотуп ыйлап алчу элем. Атым Надира.
Жолдошум экөөбүздүн 2 балабыз бар. Кесибим боюнча дарыгермин, койкоюп татынакай жүргөн кезимде көрүп, жолдошум артымдан далай чуркаган. Акыры барып мен да ага байланып калдым. Ошентип той берип, түтүн булатып жашап калдык. Үйлөнгөндөн кийин жолдошум мурдагыдай болбой ашыкча кызганып, эки жакка чыгаргысы келбей калды. Ал аңгыча кош бойлуу болгонумду билип, тынчып жашап калдык. Өзүм деле сыртка чыккым келбей, жүдөңкү тарткан кебетем жакпай баштады. Жолдошум болсо шеринеге, досторуна да жалгыз кетип жүрдү. Ошентип ай күнүмө келип уулдуу болдук. Бошонуп, жеңилдеп алгандан кийин кадимкидей энергия пайда болуп өзүмдү карагым келип, эртең мененкисин чуркап баштадым. Чуркап жүргөнүмдү жолдошум билген деле эмес, бир күнү таңга жуук ойгонсо эле мен жок болуп, үйдү үч көтөрүптүр. Чычкандан пил жасайт деген ушул окшойт, жолдошум мени ачуу сөздөрү менен тилдеп, аягында кол көтөргөнгө чейин барды. Көз жашымды тыя албай отуруп калдым. Ошондон кийин депрессияга кире баштадым, эч ким менен сүйлөшкүм келбейт, жадакалса баламды колума алып озондоп ыйлачу адат таптым. Оокатымды эптеп кылып коюп өлбөстүн күнүн өткөрдүм. Кайненем менен чогуу турчубуз, ага да менин кейпим жакпай баштады, акыркы күндөрү аябай сүйлөнө берди. Ошондой “эзилген” күндөр менен 1 жарым жылымды жөн эле өткөрүп салыпмын. Бир күнү кайрадан боюмда болуп калганын билдим. Алдырып салайын десем жолдошум макул болбой койду. Көп сөз берди, бирок бирөөсүн да аткарган жок. Күндөрдүн биринде эле мага келип жоолук салынышымды талап кыла баштады, “туура жолдо жүрсөк эле жашообуз оңолот экен” деп калды. Өзүмдөн күнөөнү издеп эле акыры макул болуп узун кийинип, жоолук салынып калдым. Экинчи балам да төрөлдү. Ошондо бир кубангандай болгом, бирок көпкө узаган жок. Үйгө чыгып келсек эле жолдошумдун мамилеси өзгөрүлүп, кадимкидей алыстап кетиптир. Ага да кайыл болуп, эки бала менен жүдөп жүрдүм. Бир күнү түн ичинде жолдошумдун телефонуна кат келди. Эмнегедир ачып карагым келди, мурда мындай болгон эмес. Ал уктап жатканда ачып жиберсем “Малышка” деп сакталган номерден укмуш кат келиптир. “Тигиниң уктаса мени да эркелетчи” — деп жазып, жарым жылаңач сүрөтүн жөнөтүптүр. Ичимден сүйлөгөн “Шуркуя” деген сөз кантип сыртка чыгып кеткенин байкабай калдым. Үнүмдү, демимди басып бардык социалдык тармактардан издей баштадым. Аял кааласа бардык нерсени табат экен, ким экенин, кайдан экенин, баарын сууруп чыктым. Ачуулукка алдырып жиберип бардык социалдык баракчаларына “менин үй-бүлөм” деп сүрөттөрдү жайнатып чыгарып салдым. Уйкусуз бир түнүм өтүп, таңга жуук уктап кетипмин. Бир кезде кыйкырып-өкүрүп аткан жолдошумдун үнү угулду. Көрсө тиги “малышкасына” актанып, мени сөгүп жатыптыр. Тура калып колундагы телефонун ыргытып жибердим, мен сүйлөгүчөктү эле жаак талаштыра катуу бир чапты. Баламдын үстүнө келип кулап калдым. Денемдин ооруганынан эмес, көңүлүмдүн ооруганынан боздоп жата бердим. Жолдошум болсо тигинисин соороткону кетти окшойт, сыртка чыгып кетти. Ал кетери менен жаныма кайненем кирип келип, “эркектер жасанып, өзүн каранып жүргөн аялдарды жакшы көрөт” — деп күйүтүмө туз септи. Негедир ыйлабай, кайра каткыра баштадым. Каткырык, кайра ый аралаш сүйлөндүм. Мен дагы убагында ошондой суйкайган сулуу болгом, менин да дене боюм келишип жүргөм, тетиги балаңыз мени чүмбөттөп салып, эми жылаңач кыз издеп калыптыр го дедим ачуум келип… Бир нерселерди былжырап чыгып кетти, кулагыма эч бир сөзү кирген жок. Ошентип 5 күн дегенде жолдошум келип, “мен экинчи аял алам, сен макулсуңбу, макул эмессиңби баары бир” — деп туруп алды. Эгер ал аялды алсаң мени менен ажырашасың деген талапты койдум. Башында тиренгенсип жаткан, балдарымды таштабайм деп жаткан, андан кийин балдарын деле унутуп аялдын дартына түшүп кетти. Оокат төшөгүмдү жыйнап алып үйдөн чыгып кеттим. Эч нерсе болбогондой дароо эле үйлөндү, бизди тааныган дос-курбулар таң калганын жашырган жок.
Ата-энем, бир туугандарымдын жардамы менен 1 бөлмөлүү батир алдым. Дарыгерлик кесибимди улантып жатам. Ал эми башымдагы жоолугумду азыр чын ниетимден салынып жүрөм. Мындан 1 ай мурун мурдагы жолдошумдун аялы чалыптыр, номурумду кайдан алганын билбейм. Кечирим сурап, ал дагы мен баскан жолду улантып жатыптыр. Анын дагы тагдырын талкалап салып, эми башкасы менен жүрөт имиш. Көрсө жашоо тоголок окшойт, кимге эмне ыргытсаң ошол айланып өзүңө келет тура. Эч кимдин уясы бузулбасын жана “уяны бузган чаар жыландар” баарыбыздан алыс болсун.
Автор: Асель Жаныбекова
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.

