13-октябрь, дүйшөмбүдө, бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +18…+23, Талас аймагында +17…+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көлдө +13…+18, Нарын өрөөнүндө +14…+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +19…+21, Ош шаарында +23…+25 градуска көтөрүлөт.

