Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, дарыгерлерди кечээ аэропорттон облустук клиникалык оорукананын жетекчилиги тосуп алган.
«Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына «Экспресс ден соолук — жаркын саякат» долбоорунун алкагында Кытайдын көз дарыгерлери келди. Алар Кыргызстандын түштүк аймагындагы катаракта, глаукома оорулары менен жабыркаган 300дөй бейтапка акысыз операцияларды жасашат», — деп айтылган маалыматта.
Чет элдики медиктер өлкөдө 23-октябрга чейин болушары айтылды.

