14 жаштагы кызга кол салган шектүү кармалды


Чүйдүн Садовое айылында кызга кол салганга шектелип 31 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, окуя кечээ, 10-октябрда, кечки алтыда болгон. Көчөдө эч ким жоктугун байкаган киши 14 жаштагы кызды жерге жыгып, муунтууга аракет жасаган. Окуяны көрүп калгандар жетип келгенде ал качып кеткен.

«Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. Шектүү мурда соттолгон.

Тергөө уланууда.