«Талибан» 58 пакистандык аскердин өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат берди. Пакистан афган чек ара бекеттеринин басып алынганын билдирди. Бул тууралуу DW билдирет.
Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы тирешүү күчөп баратат, деп жекшемби күнү, 12-октябрда AFP агенттиги тараптардын билдирүүлөрүнө таянып билдирди.
Өлкөлөр чек арадагы кагылышууларда ондогон адам каза болгонун билдирүүдө. Бул маалыматтарды көз карандысыз текшерүүгө мүмкүн эмес. Кабулдагы бийликте турган «Талибан» ислам кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид 58 пакистандык аскер каза болгонун билдирди, Исламабад бул сандарды ырастаган жок.
Талибдердин маалыматы боюнча, коңшу мамлекеттин 20 чек ара посту убактылуу басып алынган. Ооганстан муну «өч алуу акциялары» деп атады. Мужахиддиндин айтымында, тогуз афган аскери дагы каза болгон.
Пакистандык маалымат каражаттары күч структураларындагы булактарга таянып, афган тарапта дагы «көп курмандыктар бар» жана Пакистандын аскерлери Афганистандын 19 чек ара постун көзөмөлгө алганын жазды, деп билдирет AFP.
Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы жаңжал «Талибан» менен пакистандык аскерлердин ортосундагы катуу куралдуу кагылышуулардан улам курчуп кетти. Эки күн мурда талибдер Исламабадды Ооганстандын аймагына абадан сокку урганы үчүн айыпташкан. 9-октябрда Кабулда жана Ооганстандын түштүк-чыгышында бир катар жардыруулар болгондон кийин, Ооганстандын Коргоо министрлиги Пакистанды эгемендүүлүктү бузду деп айыптады.
Исламабад абадан жасалган чабуулдарга тиешеси бар экенин ырастаган жок, бирок Кабулду «өз аймагында пакистандык талибдерди жашырууну токтотууга» чакырды. Пакистандын бийликтери аларды 2021-жылдан бери жүздөгөн пакистандык аскерлерди өлтүрдү деп айыптоодо.
Пакистандык талибдер Ооганстанда аскердик даярдыктан өтүшөт жана оогандык үзөңгүлөштөрүнүн идеологиясын бөлүшөт деп жазат AFP. Пакистандык чалгындоо булактары dpa агенттигине Исламабаддын соккусунун максаты пакистандык талибдердин лидери Нур Вали Мехсуд болгонун билдирди.

