Сот Воиновага жана анын бир тууганына карата өкүм чыгарды


Сот Зарина Воинова жана анын бир тууганы боюнча өкүм чыгарып, экөөнү тең күнөөлүү деп тапты. Абдрешов пробациялык көзөмөл колдонуу менен үч жылга эркинен ажыратылса, Воинова 50 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди. Адвокаттын айтымында, сот Заринанын эки жашар баласы бар экенин эске алып, айып пул менен гана чектелди.

Жабыр тарткандар — блогер “Begemot Kyz” катары белгилүү Алина Жакыпова жана башка чыр-чатактын катышуучулары чыгарылган өкүмгө ыраазы экендиктерин билдиришти.

Экинчи тарап соттун чечимине даттана алабы же жокпу, азырынча айтыла элек.