АКШда учак трассага кулап, эки адам каза болду


АКШнын Массачусетс штатынын Дартмут шаарында кичи учак трассага кулап, эки адам каза болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 195-маршруттагы унаа жолунда болгон. Жерге кулаган бир кыймылдаткычтуу Socata TBM-700 үлгүсүндөгү учак күйүп кеткен.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, учак эртең мененки саат 08:15 чамасында трассанын ортоңку бөлүгүнө кулап түшкөн. Учактын айрым бөлүктөрү жакынкы токойдон табылган.

Учак Нью-Бедфорд аймактык аэропортунан учуп чыгып, Висконсин штатындагы Кеноша шаарына багыт алган.

Учурда авиакырсыктын себептери боюнча Улуттук транспорт коопсуздугу кеңеши иликтөө иштерин жүргүзүүдө.