Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, силкинүү бүгүн саат 10:45те болуп, очогунда күчү 4 баллга жетти.

Жердин титирегени Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит жана Шибээ айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.