Кыргызстанда орточо айлык маяна 42 миң 648 сомду түздү


2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстандагы орточо айлык номиналдык маяна 42 миң 648 сомду түздү.

Маалымдалгандай, эмгек акы 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6 пайызга өскөн.

Белгиленгендей, эң көп айлык акынын жогорулашы кыймылсыз мүлк, курулуш, саламаттык сактоо, маалымат жана байланыш, социалдык тейлөө, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк, мейманканалар жана ресторандар, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, мамлекеттик сатып алуулар жана тоо-кен казып алуу тармагында катталган.