Мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт жүргүзүү үчүн 137 ЖМК аккредитациядан өттү


Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн 137 жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Мындай чечим Боршайкомдун 14-октябрдагы шайлоодо үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселеси каралган жыйында кабыл алынды.

Каттоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушуэске алынды.

Алардын ичинде:

  • басылмалар – 37;
  • телекөрсөтүү – 41;
  • радио – 19;
  • интернет-басылмалар – 40.

БШКнын расмий сайтында ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.

Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.

Мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери добуш берүү күнүнөн 20 күн мурда – 10-ноябрда башталып, добуш берүү күнүнөн бир күн мурун – 29-ноябрда саат 08:00дө токтотулат.