Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.
Маалыматка караганда, Газага 45 палестиналыктын сөөгү Эл аралык Кызыл Крест комитетинин топтору аркылуу келди.
14-октябрда Израилден 45 кишинин сөөгү келген. Муну менен Израилден кайтарылган сөөктөрдүн жалпы саны 90го жетти.
Эми палестиналыктардын сөөктөрүн аныктоо үчүн керектүү медициналык анализдер өткөрүлөрү белгилүү болду.
Эске салсак, 9-октябрда Египетте өткөн сүйлөшүүлөрдө Газа тилкеси боюнча ок атышпоо келишимине кол коюлган. Документ 10-октябрда күчүнө кирген.

