Нарындын Ак-Талаа районунда жүндү кайра иштеткен ишкана иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Аны ишкер Азиз Таалайбек уулу өз акчасына жана министрликтин “3+2+1” долбоорунун колдоосу менен ачкан.
Ишканада ак койдун жүнү кайра иштетилип, жууркан, төшөк жана башка буюмдар чыгарылууда.
Эми алдыда кара жана кылчык жүндү кайра иштете баштоо пландалууда. Ишкана жүндү элден сатып алат. Анда 10 адам иштейт.

