Мамлекет башчы аймактагы өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларын жана Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин кабыл алды.
Президент терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүү, трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу, ошондой эле киберкоопсуздук жаатында кызматташууну өнүктүрүү биргелешкен аракеттин негизги багыттары экенин белгилеген.
Ал жаштар арасында агартуу жана билим берүү программаларын жайылтуу зарылдыгын кошумчалаган.

