Ош аэропортунда учактардын конууларына чектөө кирди


«Ош Эл Аралык» аэропортунда учактардын конууларына бүгүн саат 07:40тан тартып убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Ош шаарында туман түшкөндүгө байланыштуу кабыл алынды.

Кошумча маалымат берилет.