Америкалык иммигрант Зохран Мамдани Нью-Йорктун мэрин шайлоодо жеңишке жетти, деп билдирет DW.
Зохран Мамдани 4-ноябрда Нью-Йорк шаарынын мэрлигине болгон шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишти. Алдын ала расмий эмес жыйынтыктарга ылайык, Мамдани 50,4 пайыз добуш алды. Калган эки талапкер: республикачы Кёртис Слива жана көз карандысыз талапкер катары аттанган Нью-Йорк штатынын мурдагы губернатору Эндрю Куомо тиешелүүлүгүнө жараша 7,1 жана 41,6 пайыз добушка ээ болушту.
Нью-Йорктун жаңы мэри, 34 жаштагы Зохран Мамдани жөнүндө эмнелер белгилүү?
Мигрант жана Нью-Йорктун биринчи мусулман мэри Зохран Мамадани угандалык мигрант. Ал Угандада индиялыктардын үй-бүлөсундө төрөлгөн. Анын апасы Мира Наир атактуу индия-америкалык кинорежиссёр, ал эми атасы Махмуд Мамдани теги индиялык угандалык академик. Зохран Мамдани 5 жашка чыккан кезинде анын үй-бүлөсү Угандадан Түштүк Африкага, андан эки жыл өткөндөн кийин Нью-Йоркко көчүп келишкен. Ал АКШнын жарандыгын 2018-жылы натурализация жолу менен алган. 2025-жылдын башында Зохран Мамдани сириялык сүрөтчү Рама Дуваджиге үйлөнгөн. Шайлоодо жеңишке жеткенден кийин Мамдани Нью-Йорк шаарынын мэри кызматындагы биринчи мусулман болуп калды.

