Франциянын Сен-Пьер-д’Олерон шаарында айдоочу атайылап 10 жөө жүргүнчүнү жана велосипедчен адамды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, Ла-Рошель шаарынын прокурору Арно Ларес жабыркагандардын саны 10 экенин билдирген. Алардын ичинен төртөөнүн абалы оор. Окуя боюнча тергөө иштери башталды.
Шектүү 35 жаштагы эркек, ал Сен-Пьер-д’Олерондон 4 чакырым алыстыкта жайгашкан Ла-Котиньер аттуу балыкчылар айылында жашайт.
Прокуратура анын мурда да мыйзам бузуп, туруктуу эмес жүрүм-туруму, баңгизат жана спирттик ичимдиктерди колдонгону менен белгилүү болгонун билдирген.
Белгиленгендей, ал Улуттук терроризмге каршы прокуратуранын радикал адамдардын реестринде жок болгон.
Окуя болгон жерге ички иштер министри Лоран Нуньес келген. Шектүү учурда «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча камакка алынган. Улуттук терроризмге каршы прокуратура тергөөгө азырынча катыша элек.

