Күн мурун Сүлүктү шаарында «Адахан» шахтасы урап, ичинде адамдар калып калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары шахтанын 110 метр тереңинде калган 4 адамды аман-эсен сактап калышты.
Куткаруучулар алгач урандынын алдында калгандарды дем алдыруу максатында түтүк менен аба жеткиришкен.
Андан кийин уранды тездик менен тазаланып, кенчилерди чыгарууга жол ачып, түнкү саат 23:05те аман-эсен чыгарып алышкан.

