«Мурас» турак жай комплексинде жылдын соңуна чейин 1080 батир пайдаланууга берилет


Мамлекеттик ипотеканын алкагында курулуп жаткан «Мурас» турак жай комплексинде жылдын соңуна чейин 1080 батир пайдаланууга берилет. Бул туурасында президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.
Ал эми калган блоктор келерки, тагыраагы, 2026-жылдын соңунда ээлерине тапшырылып калары айтылды. «Мурас» мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинде жалпы 4 754 батир курулмакчы.
Аталган жерге барган президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев подрядчы компанияларга сапат маселесине өзгөчө көңүл буруу боюнча талап койду.