Россия Кыргызстанга эки көчмө лаборатория тапшырды


Иш-чарага Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова жана КР саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев катышты.

Лабораториялар өзгөчө кооптуу инфекциялардын жайылышын алдын алууга арналган.

Алардын жардамы менен алыскы райондордо да изилдөө жүргүзүүгө болот.