«Гонконг гриппи» тастыкталды. Чүй облусунда КРВИ боюнча өсүш катталды


Чүй облусунда 47-жумада КРВИ учурлары кескин көбөйүп, көрсөткүч эпидчектен дээрлик төрттөн бирге жогорулады. ОРВИ белгилери бар бейтаптардан алынган 15 анализдин тогузу A(H3N2) вирусуна, башкача айтканда «Гонконг гриппине» оң натыйжа берди.

Оору бардык жаш курактар арасында катталууда. Мектептерде, бала бакчаларда жана башка жамааттарда күнүмдүк көзөмөл күчөтүлүп, медмекемелерде барууларга чектөө киргизилип, кире бериштерде фильтр пункттары иштеп жатат. Абал начарласа, карантин чаралары киргизилиши мүмкүн экени айтылууда.

Жашоочуларга колду тез-тез жуу, эл көп жерлерден оолак болуу, мурункудай өз алдынча дарыланбай, алгачкы белгилер пайда болгондо дарыгерге кайрылуу сунушталууда. Дарыгерлер A(H3N2) балдар жана улгайгандар үчүн өзгөчө кооптуу экенин, ошондуктан эмдөөдөн өтүү жана байланыштарды азайтуу маанилүү экенин эскертишет.