Эки талапкер шайлоого катышуудан баш тартты


№22 жана №24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Лира Акунова жана Гүлназ Халилова шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, талапкер Л.Акунова 26-ноябрда, ал эми Г.Халилова 27-ноябрда шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыз берген.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, берилген арыздардын негизинде аталган талапкерлердин каттоолору жокко чыгарылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрга белгиленген.